"Оптима Банктын" кызматкерлеринен коронавирус аныкталды

"Оптима Банктын" айрым кызматкерлеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу банктын расмий сайтына жарыяланган.

Анда ооруга чалдыккан кызматкерлер жана алар менен байланышта болгондор министрликтин бекитилген алгоритмине ылайык изоляцияга алынып, карантинде жатканы маалымдалат.

"Ал кызматкерлер банктын кардарлары менен байланышта болгон эмес. Коронавирус чыккан бөлүм жана ал жакка жанаша жайгашкан бөлмөлөр дезинфекцияланды. Мындан тышкары банктын бардык филиалдарында күн сайын дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Банкта иштегендер көпчүлүк менен иштегендиктен вирусту жуктуруп алуу тобокелдиги жогору болуп жатат", - деп жазылган билдирүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
marat_1910
2020-06-16 16:01:22
е мое ачык айткылачы кайсы филиалында ???,кечоо оптимада очередь кутуп 1сааттан ачык турдук го
+2
Omar.
2020-06-16 16:09:29
Оптима банк Кыргызстан боюнча бирөө эле болгонсуп
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан