Жаңы Зеландияда акыркы 24 күндөн бери биринчи жолу эки адамдан инфекция аныкталды

Коронавирус инфекциясынан улам киргизилген бардык чектөөлөрдү дүйнөдө биринчилерден болуп жокко чыгарган Жаңы Зеландияда акыркы бир сутка ичинде 2 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясы Улуу Британиядан жакын адамын акыркы сапарга узатууга келген эки адамдан аныкталган. Инфекция аныкталган эки адам эреже боюнча карантинге алынган жана жакын адамдары менен байланышта болгон эмес. Алар коронавирустан толук айыккандан кийин гана өлкөсүнө кете алышат.

Эске салсак, 8-июнда Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн өлкөдөгү киргизилген бардык чектөөлөрдү жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан