Ошто перинаталдык борборго таандык имаратта кош бойлуу айымдар үчүн 50 орундуу стационар ачылат

Оштогу перинаталдык борборго таандык имаратта кош бойлуу айымдар үчүн 50 орундуу стационар ачылат. Мындай маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов баштаган шаардык жарандык коргонуунун штабынын жыйыны болуп, анда Ош перинаталдык борборунун биринчи кабатында ремонт иштерин жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө маселе көтөрүлдү. Буга чейин аталган жайда пневмония жана коронавирус инфекциясы аныкталган кош бойлуу айымдар үчүн стационар ачылган.

"Кыргыз мамлекеттик кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун филиалы болгон Ош перинаталдык борборуна таандык имаратта пневмония же коронавирус диагнозу тастыкталган кош бойлуу аялдар үчүн оорукана ачылат. Анда 50 керебет болот, ал жерде төрөгөн аялдар дагы, дарыгерлер дагы дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат.

Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан