Шаардагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен Бишкек мэриясы коомдук транспорт менен такси кызматынын ишин чектөө тууралуу токтом кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты мэриядан тастыкташты.
Ага ылайык, дем алыш күндөрү коомдук транспорт менен такси кызматынын иши токтойт.
"Бишкек шаарынын мэриясына караштуу эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы комиссиясы тарабынан кабыл алынган токтомдун негизинде шаардагы троллейбус, автобус жана кичи автобустардын жана таксилердин дем алыш күндөрү жүргүнчүлөрдү ташуусуна тыюу салынат. Бул чара физикалык жана юридикалык жактар үчүн бирдей аткарылышы керек", - деп жазылат маалыматта.