
Өлкө боюнча Covid-19 илдетине кабылгандардын саны өсүп жатат. Бүгүн өлкөгө бул илдет келгенден бери аны жуктургандардын саны 4 миң 748ге жетти. Анын ичинен 1777си Бишкек шаарында.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизинде Бишкек шаардык жарандарды коргоо боюнча комиссиянын чечими менен Бишкекте күчөтүлгөн дезинфекция иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Ага ылайык, эртең саат эртең мененки 9дан кечки саат 18:00гө чейин шаардын бардык бөлүктөрүндө дезинфекциялоо башталат. 29-июнда Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолуна чейин жана Манас көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралык, "Эркиндик" бульвары, "Ала-Тоо" аянты, "Эмен багы", Панфилов атындагы сейил бак жана башка коомдук жайлар залалсыздандырылат.