27-июнга карата өлкө аймагында дагы 50 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Муну менен өлкөгө бул инфекция келгенден бери андан 2 миң 212 адам айыкты.
Сутка ичинде COVID-19 инфекциясы 309 адамдан табылды. Жалпысынан ооруну жугузуп алгандардын саны 4 миң 513тү түздү. Учурда ооруканаларда вирус менен 628 бейтап күрөшүп жатат, анын ичинен 12синин абалы оор.
Өткөн сутка ичинде 3 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Өлкөдө коронавирус 46 адамдын өмүрүн алды. COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 17 миң 929.
Ошко Москвадан 326 жаран кайтып келди.
Президенттик аппараттын дагы 9 кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Муну менен аппараттын 17 кызматкери инфекцияны жуктуруп алганы белгилүү болду.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду, 3-июнду, 4-июнду, 5-июнду, 6-июнду, 7-июнду, 8-июнду, 9-июнду, 10-июнду, 11-июнду, 12-июнду, 13-июнду, 14-июнду, 15-июнду, 16-июнду, 17-июнду, 18-июнду, 19-июнду, 20-июнду, 21-июнду, 22-июнду, 23-июнду, 24-июнду, 25-июнду, 26-июнду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.