Бүгүн, 12-июнда "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев жана "РСК Банк" ААКтын аймактарды координациялоо бөлүмүнүн башчысы Улан Ашымов ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү тартиби тууралуу онлайн брифинг учурунда маалымат беришти.
Анда өкмөт токтом чыгарган ишкердик субъекттерди каржылоо программасынын алкагында, жеңилдетилген насыялар бериле баштары айтылды. Насыяны Кыргыз өлкөсүнүн резиденттери, жеке ишкерлер, чакан, орто, ири ишкер, юридикалык жак ала алат.
"Биздин банк жеңилдетилген насыя берүүнү каржылоого каражаттарды ала элек, ага карабастан, кардарлар биздин аймактык өкүлчүлүктөргө кайрылса болот. Эгерде алар программанын жана банктын талаптарына ылайык келсе, билдирүүлөрүн тапшырып, насыя алууга керектүү документтерди даярдай баштаса болот. Бул программанын негизиндеги насыянын өзгөчөлүгү жеңилдетилген пайыз менен берилет. Төлөө мөөнөтүнө (негизги суммага) каникул берүү шарттары каралган.
Насыя берилүүчү тармактар: туризм, жеңил өнөр жайы, фармацевттик багытта иштегендерге, жүк ташуучуларга, өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканаларына, салыктык-санариптештирүү тармагына. Насыяны 5 жылдык мөөнөткө чейин 30 миллион сомго чейин алса болот. Рефинансы дагы каралган, анда кардар мурда алган насыясынын жарым суммасын төлөй алат. Насыянын негизги суммасына 1 жарым жылга чейин каникул берилет. 20 миллион сомго чейин өнөр жай жана кайра иштетүү ишканаларына 3 жылдык мөөнөткө 11 пайыз менен берилет. Бул насыянын түрү боюнча каникул 12 ай. Мындан тышкары күрөөсүз чакан насыя берүү тууралуу маселе дагы каралды. Бул боюнча насыя 14 пайыз менен 1 жылга берилет. Каникул 3 ай. Насыянын бул түрүн салык, социалдык фондунда катталган Кыргыз өлкөсүнүн бардык жарандары ала алышат. Бул насыяны алууда кошумча комиссия алынбайт. Бирок насыя максатсыз пайдаланылса, алган күндөн баштап 30 пайыздык үстөк менен төлөнө баштарын эскерте кетели", - дейт Бакыт Асанбаев.