"Президент Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын жакындары менен туугандарына көңүл айтат", - деп билдиришти президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн.
«ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекованын коронавирустан каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Акыркы апталарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетти, биздин кайраттуу медициналык кызматкерлерибиздин мойнуна эки эсе жүк түштү. Абдан өкүнүчтүүсү, бул күрөштө биз алардын эң мыктыларынан айрылып жатабыз», - дейт өлкө башчысы.
Президент Жамал Тазабекованын өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ак кызмат кылып, бейтаптарды дарылап, жалпы душман менен күрөшүүгө баа жеткис салымын кошконуна токтолгон.
«Жамал Тазабекова өз кесиптештеринин, бейтаптарынын, жакындарынын жана туугандарынын эсинде түбөлүккө калат. Анын жакындарына, туугандарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм», - дейт президент Сооронбай Жээнбеков.
30-июнга карата өлкөдө коронавирустан 7 бейтап каза болгону маалымдалган. Анын ичинен 70 жана 46 жаштагы эки аял Ош шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Каза болгондордун бири Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медицина кызматкери Тазабекова Жамал Исмаиловна экендиги маалымдалган.