Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров дарыгерлерди жана коопсуздук кызматкерлерин, ошондой эле коронавируска каршы күрөшкөн башка тармактын кызматкерлерин эс алууну убактылуу унутуп турууга чакырды. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмаларга айткан.
"Мен өзүмдөн баштап дарыгер, медайымдарга чейин эс алууну убактылуу унутуп турууга чакырам. Биз жарандарыбыздын алдында милдеттүүбүз. Эгер бул сөз жүрөккө жетпесе, ал командадан кетиши керек", - деген Кадыров.
Ал бул күндөр Чеченстан жана бүткүл дүйнө үчүн эң оор күндөр экенин кошумчалаган.
Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 1 миң 133 адамдан аныкталды. 13 адам каза болуп, 690 бейтап айыгып чыкты.