22-марттан тартып Бишкек шаарында эл ташыган маршруттук таксилер токтотулган. Учурда шаар ичинде калкты троллейбустар жана автобустар ташып жатат. 21-мартта өкмөт республика аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген болчу.
Мэриянын маалыматына ылайык, ушул тапта баш калаада 76 автобус жүрүп жатат.
"Алар: 6,7, 8, 9, 18, 21, 22, 36, 38, 42, 46, 48-номердеги автобустар. Бул транспорттор мурдагы каттамдары менен эле жүрүүдө", - деп маалымдайт мэриядан.
Автобусттардын каттамдары боюнча суроо жаралса 0553 022 753, 0772 173 743 номерлерине чалып же WhatsApp аркылуу байланышууга болот. Ошондой эле шаар башкармалыгы жүргүнчүлөрдү коомдук транспорттон түшкөндөн кийин, акча төлөгөндөн кийин колду антисептикалык каражаттар менен дезинфекциялап турууну эскертет.
Мындан тышкары Бишкек шаардык мэриясы троллейбустук каттамдардын схемасын жарыялады.
"Урматтуу шаардыктар жана жүргүнчүлөр! Өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу Бишкекте коомдук транспорттун каттамдарына чектөө киргизилди - жеке маршруттар токтоду. Троллейбустар штаттык режимде иштейт, каттамдардын схемалары өзгөртүүсүз ошол бойдон калат", - деп жазылат маалыматта.
Бишкек троллейбус башкармалыгынын схемасы:
№ 4 – Эт комбинаты – Кожзавод;
№ 5 – Аламүдүн базары – Жал кичи району;
№ 7 – Ак-Өргө жаңы конушу – Туңгуч кичи району;
№ 8- Лермонтов көчөсү - Ак-Өргөө жаңы конушу;
№ 9 – Дыйканчылык институту - Аламүдүн-1 кичи району;
№ 10 – Эт комбинаты - Асанбай кичи району;
№ 11 - Асанбай-Чыгыш автобекети;
№ 14 - Жал кичи району - Киркомстром;
№ 17 – Кожзавод - Асанбай кичи району.
"Троллейбустардын иши боюнча Бишкектеги троллейбус башкармалыгына 0559733866 номуру боюнча кайрылыңыздар. Сиздерди үйүңүздөрдөн чыкпоону жана шаарда зарылдыгы жок жол жүрүүдөн убактылуу баш тартууну өтүнөбүз", - деп кайрылышат мэриядан.