Япония коронавирус менен каршы күрөшүүгө 1 триллион доллар бөлөт

Япониянын премьер-министри Синзо Абэ бүгүн, 7-апрелде өлкөнүн Токио шаары баштаган жети аймагына өзгөчө абал жарыялады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, элди үйүнөн чыгарбоо, ишканаларды убактылуу жабуу үчүн өкмөт көбүрөөк ыйгарым укукка ээ болду. Ошол эле учурда эреже бузгандар жазага тартылып же айып пул төлөшпөйт. Бийлик жарандардын аң-сезимине жана кырдаалда түшүнүү менен кабыл алышына ишенүүдө.

Өкмөт башчы дароо эле экономикалык жөлөк программасын жарыялап, аны дүйнөдөгү эң ири программалардын бири деп баалады. Ошондой эле ал коронавируска каршы күрөшүүгө 1 триллион долларга жакын бөлүүгө убада берди.

Японияда коронавирус жугузгандардын саны 4 миңге жакын, 92 адам көз жумду. Акыркы күндөрү илдетке чалдыккандар өлкөдө күн санап өскөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-07 19:01:57
Бизге бөлүптүр депмин
0
titanik32
2020-04-07 19:05:26
Baktyluu_bolgum_kelet,,))))Кыргызстанга болуптур берсин да ээ.
-4
KalenAlmaz
2020-04-07 19:03:54
Бомба просто ошол акча бизде болсо кыргызстан Швецарияга айланмак.
+11
Milduri
2020-04-07 19:53:36
Охоо ошондо элестеткиле 5млрд долларга Дубайдагы дүйнөдөгү эң бийик 162 этаждык Бурж Халифаны салышкан, а бул жерде 999млрд доллар элестет канча акча. Кыргызстанда анча акча болгондо анклав болгон жерлерибизди кайра өзүбүзгө сатып алып, чек аралар бекемделип, шаарларыбыз Дубайга окшоп, Кыргызстан аябай өнүккөн өлкөлөрдүн катарында болуп калмак.
+7
murat17
2020-04-07 20:28:44
Milduri,туура
+5
Jeltelmen.99
2020-04-07 20:08:55
Сакадай бойу сары алтын эл.адилетүү чынчыл эмгекчил адамдардын асыл сапаттарын ушуларга берген экен алла таалаа
+6
Barak-9494
2020-04-07 20:12:31
Бизде бунча акча болгондо 120 кж жеп буткон болот еле
+4
Farra16gsin
2020-04-07 20:14:42
Бизге деле бөлүп койсо болмок кыргыздар бутуңарга туруп алгыла кытайга көз каранды болбой деп
-3
Eka.kg
2020-04-07 21:45:41
Farra16gsin,Бизге деле бөлүп коймок, эгер орус өлкөсү жок болгондо!
+6
Eka.kg
2020-04-07 21:47:00
Ал акчага Кыргызстан эч нерсе кылбай бери дегенде эле жарым чейрек кылым жашамак.
+6
Sakubek
2020-04-07 23:09:14
10000000000000÷100долларлык купюра=100000000000÷100штук 1пачкада=100000000. 1млн пачка болот экен. Канча фурага батат бул акча. Кандай сейфте сактап атышты экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан