Дагы 8 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Мындай маалыматты онлайн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Ош шаары – 3;
Ош облусунда – 1;
Жалал-Абад облусунда – 3;
Талас облусунда – 1.
Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 34 медкызматкер айыгып чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча 2 миң 691 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталды.