17-майга карата коронавирус менен ооруган бейтаптардын ичинен 21 адам стационарлардан чыгарылды. Муну менен өлкөдө бул оорудан айыккандардын жалпы саны 804.
Өлкө боюнча сутка ичинде дагы 21 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Муну менен өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны жалпы 1 миң 138ге жетти.
Кыргыз өлкөсүнүн аймагында обсервацияда 2 184 адам жатат. Медициналык дагы 3 кызматкер бул инфекцияга кабылганы белгилүү болду. Жалпысынан ооруну 251 ак халатчан жугузуп алып, 204ү айыгып ооруканадан чыгарылды.
Бүгүн Москвадан 378 мекендешибиз өлкөгө кайтып келди. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов COVID-19 инфекциясына чалдыккандар менен байланышкан жарандарды аныктоо - бул илдет менен ооругандарды тапкандай эле маанилүү милдет деп билдирди.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.