Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, карантиндин мөөнөтү узартылып, бирок чектөөлөр жумшартылган. Атайын комиссия 15-майдан тартып ишке кирчү ишкерликтин жана жүрүүгө уруксат берилген жерлердин түрлөрүн 3кө бөлгөн. Алар "кызыл", "сары" жана "жашыл" сектор. Аталган секторлордун өзүнө бекитилген иштөө убактысы бар.
Мындан сырткары 18-майдан тартып жарандарга жеке унаа менен уруксат кагазы жок жумушка барып келүүгө уруксат берилди.