Бүгүнкү күндө Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 197 бейтап дарыланып жатат. Аталган ооруканада 37 дарыгер, 164 медперсонал (медайымдар, санитаркалар) 24 саат бою үзгүлтүксүз иш алып барышууда. Алардын бири дарыгер-инфекционист Наталья Прыткова. Анын дээрлик 2 айдан бери жумушта калып иштеп, үй-бүлөсү менен видео байланыш аркылуу кабарлашып турарын баяндаган кыска тасманы республикалык штабдан жарыялашты.
Дарыгер 22-марттан бери жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус аныкталган бейтаптарды дарылап келет. Айтымында, бир күндө 6 саат бейтаптардын жанында болушат, андан кийин бейтаптардын тарыхын карап, аларды дарылоо менен алектенишет.
"Бул жактан оорулуулардын баарын дарылап, илдетти жеңгенден кийин гана чыга алабыз. Ооруну өзүбүздү изоляцияга алуу менен гана жеңебиз", - дейт ал.
Дарыгердин ата-энеси кызы менен видео байланыш аркылуу кабарлашып турарын айтышат. Аптасына бир жолу ооруканага тамак-аш, кийим-кече алып барып, дистанциялык аралыкты сактоо менен берип келерин кошумчалашат. Ал эми дарыгердин Руслан аттуу уулу туулган күнүнө апасынын келишин күтүп жатат.
"Апа, сизди сагындым, келиңизчи дейм. Ал мага оорулуулар көп болуп жатканын айтат", - дейт Руслан.