Украиналык дарыгер жана телеалпаруучу Евгений Комаровский антибиотиктерди этияттык менен колдонууга чакырды. Анын айтымында, бул дарыларды ойлонбой колдонуу адамдын организмине зыян келтириши мүмкүн. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Дарыгерлер вирустук инфекцияларга антибиотиктерди такай жазып беришет. Адамдар вирустук инфекцияларга каршы антибиотиктерди өжөрлүк менен колдонушат жана ушундай жол менен өздөрүн коргоп жатам деп ойлошот. Дарыгерлер эгерде вирустук инфекцияга антибиотик берилбесе, анда өпкө оорулары пайда болорун билишет", - деген ал.
Анын айтымында, кээ бир дарыгерлер вирустук инфекцияларды дарылоо жана алдын алуу үчүн антибиотиктерди жазып беришет, бирок акыр аягында бактериялык оорулардын көбөйүшүн шарттайт. Антибиотик адамды бактериялардын белгилүү бир тобунан сактап калат жана башка патогендүү организмдерге оорунун тоскоолдуксуз көбөйүүсүнө жол ачат.
Комаровский буга чейин Италияда коронавирустун өлүмүнүн жогорку себептеринин бири антибиотикти жапырт колдонуу болушу мүмкүн экендигин айткан.