Кыргыз өлкөсүндө окуу-машыгуу жыйынында жүргөн Орусиянын 32 жеңил атлетчиси коронавирус пандемиясынан улам эвакуацияланды. Алар Свердлов облусунун спортчулары деп жазышат орусиялык басылмалар.
"Бизге аба жолу ачылып, бардык жеңил атлетчилерибизди өлкөгө алып келип алдык. Алар менен чогуу Якутиянын эки спортчусу жана Челябинсктин эки паралимпиадачысы дагы келди", - деп билдирген Свердлов облусунун Жеңил атлетика федерациясынын мүчөсү Рафаил Карманов.
Спортчулар Ысык-Көл облусунда окуу-машыгуу жыйынында жүрүшкөн. Алар отурган учак Екатеринбург шаарындагы "Кольцово" аэропортуна конуп, бардыгы текшерүүгө алынган жана эки аптага үй карантинине жиберилген.