Жаш ыктыярчылар дем ала албай оор абалда калган бир адамдын өмүрүн сактап калышты. Алар чакырууга тез жетип барып, бейтапты кычкылтек концентраторуна туташтырышкан. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып, видео жүктөшкөн.
Күбөлөрдүн билдиргени боюнча, эркек киши көчөдө бара жатып эле өзүн жаман сезип жыгылып калган. Андан кийин дем жетпей, энтигип баштаган. Көчөдөгү адамдар "Жаш демилге борборунун" ыктыярчыларын чакырышкан. Алар өз убагында келип, эркек кишини аман алып калышканы айтылат.
Ыктыярчылардын бири аларда 3 мүнөт гана болгонун, мындан улам коргонуучу кийимдерди толук кийгенге жетишпей калгандарын айткан.