Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго тиешелүү Airbus ACJ319 учагы Москвадан Грозный шаарына учуп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Рамзан Кадыров коронавируска шектелип көзөмөлгө алынган. 21-майда анын абалы начар болгондуктан Москвага алып келинген. Кийинчерээк дарыгерлер андан коронавирус инфекциясы аныкталганын айтышкан. Чечнянын парламентинин спикери Магомед Даудов президент Рамзан Кадыровдун ооруп жаткандыгы тууралуу маалыматты ушак деп, четке каккан.