Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус инфекциясы дагы 603 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 300;
Чүй облусу – 82;
Ош шаары – 67;
Ош облусу – 42;
Жалал-Абад облусу – 48;
Баткен облусу – 53;
Ысык-Көл облусу – 6;
Талас облусу – 5.
Республика боюнча жалпы 13 миң 101 адамдан коронавирус аныкталды.