Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен 1 кызматкер кызыл зонада жуктурганын республикалык штабдан маалымдашты.
Бишкек шаары - 1;
Чүй облусу - 2 (кызыл зонада 1).
Ал эми бир суткада стационардан 4, үй карантининен 1 медкызматкер чыгарылган.
COVID-19 жана пневмония илдети медицина тармагынын 4 миң 161 кызматкеринен аныкталса, алардын ичинен 4 миң 66сы сакайды.