Казакстанда бир сутка ичинде 1 миң 707 адам коронавируска чалдыкты. Муну менен 66 миң 895 адам илдетке кабылган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде катталгандардын 925и вирустун симптомдору бар болсо, 782си вирустун симптомдору жок алып жүрүүчүлөр болгон. Илдет эң көп Алма-Атада (282), Нур-Султанда (214) жана Атырау облусунда (181) калгандары башка аймактардан катталган.
Коронавирус аныкталган күндөн тарта Казакстанда жалпы 40 миң 256 бейтап оорудан сакайган. Тилекке каршы, 375 адам көз жумган.