Өлкө аймагында бир сутка ичинде 134 бейтап COVID-19 илдетинен айыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында 98 бейтап сакайып чыкты. Калгандыры башка аймактардан:
Чүй облусу – 23
Нарын облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 5
Жалал-Абад облусу – 2
Баткен облусу – 5
Республика боюнча жалпы айыккандардын саны 86 миң 907 бейтапты түздү.