
Дезинфекциялоо иштеринен пневмония илдети курчуйт деген маанидеги видео социалдык тармактарга жайылган. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.
"Курамында хлор бар заттардан пневмония курчуйт дегенге байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет: дезинфекциялоо иштери колдонмонун негизинде жүргүзүлөт. Ал дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү боюнча 2011-жылы 19-апрелде кабыл алынган өкмөттүн токтому, Саламаттыкты сактоо министрлиги, дезинфекциялык каражаттарды даярдоо жана колдонуу боюнча эпидемиологдордун сунуштарынын негизинде аткарылып келет. Дезинфектанттын ар бир партиясы колдонуу алдында активдүү зат (хлор) курамы аныкталат, аралашма даярдалгандын негизинде бул продукцияны саткан фирма тарабынан активдүүлүгү тууралуу сертификат берет", - деп жазылат маалыматта.