Экинчи тур – 27-29-июль аралыгында өтөт. Өлкөдө жогорку окуу жайга тапшыруунун мөөнөттөрү

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу бүгүн, 20-июлдан башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Быйыл Кыргыз өлкөсүнүнүн жогорку окуу жайларына тапшыруу онлайн режиминде жүргүзүлөт. Тапшыруу үчүн өтүнмөнү "Абитуриент online" автоматташтырылган маалыматтык системи аркылуу берүүгө болот. Жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун үч турун өткөрүү каралган:

  • 1-тур – 20-22-июль, саат 14:00гө чейин – сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
  • 2-тур – 27-29-июль, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү;
  • 3-тур – 3-5-август, саат 14:00гө чейин - сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү берүү.

Ар бир тур аяктагандан кийин үч күндүн ичинде кабыл алууга сунушталган абитуриенттер ЖОЖдо окууну каалоосун тастыктоосу зарыл.

ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу боюнча ыкчам байланыш номурлары:

1919;
0 772 608 004;
0 772 667 104;
0 704 925 131;
0 709 652 418.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан