Ысык-Көл облусунда 120 медкызматкер коронавирус инфекциясын жуктуруп алса, анын экөө каза болгон

Ысык-Көл облусунда жалпы 734 дарыгер, 2 миң 100 медайым ооруканаларда иштеп жатат. Мындай маалымат өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров тарабынан белгилүү болду.

Айтымында, эпидемиянын очогунда иштеп жаткандардын арасында 121 медкызматкер ооруну жуктуруп алган. Бүгүнкү күндө 70 кызматкер айыгып үйлөрүнө чыгарылган. Тилекке каршы, экөө каза болгон.

Ысык-Көл облусу боюнча стационарлардагы орундардын саны 1 миң 500 деп кошумчалады ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан