Болливуд актёру, продюсер Сону Суд пандемияга байланыштуу мекенине кайта албай жаткан Кыргыз өлкөсүндөгү индиялык студенттерди алып кетүү үчүн чартердик каттам уюштурууда. Ал бүгүн, 22-июлда ишке ашмакчы. Бул тууралуу актёр Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
"Кыргыз өлкөсүндөгү бардык студенттерге үйгө кайтуучу мезгил келгенин кабарлайм. Биз Бишкек-Варанаси алгачкы чартердик каттамын уюштуруп жатабыз. Чартердик каттам 22-июлда болот. Каттам тууралуу толук маалымат почтаңарга жөнөтүлөт. Башка өлкөлөргө болгон чартердик каттамдар да ушул апта ичинде уюштурулат", - деп жазган ал.
Буга чейин Кыргыз өлкөсүндө окуган индиялык студенттер коронавирус пандемиясынан улам Индияга кете албай калып, бир нече индиялык белгилүү адамдардан социалдык тармак аркылуу жардам сурап кайрылышкан. Сону Суд 4 миңдей студентти Индияга алып кетүүгө убада берген.