Улуу Британиянын Уиаррал районунун Мерисайд графтыгынын жашоочусу 2 жолу ракты жеңген, бирок коронавирусту жуктуруп алганынан бир нече күн өтпөй көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 79 жаштагы Дэвид Александр Уильямс 2 жолу рак илдетине кабылганына карабастан, ден соолугу чың, шайыр адам болчу.
Март айынын аягында анда коронавирустун белгилери байкалган. Бирок ал үйдөн дарыланууга аракет кылган. 28-март күнү Уильямстын абалы начарлап, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага барган. Дарыгерлер коронавирус илдетин жуктуруп алгандыгын айтышкан. 30-мартта ал пневмониядан улам көз жумган.