“Акыркы күндөрү стационарда бейтаптар эки эсеге азайды. Маанайыбыз көтөрүлүп, сүйүнүчтөн иште бийлеп дагы жибердик” дейт сүйүнгөн ыктыярчы Аэлита Эмирова

Акыркы күндөрү мекенибизде пандемияга байланыштуу оор кырдаал орун алып, жарандарыбыз бири-бирин туш тараптан колдоп жаткан убагы. Бири медиктерге тамак-аш уюштурса, бири бекер тамчылатма дары куюп, ийне сайып, дары-дармек чогултуп, кээ бири эч болбоду дегенде ыктыярчыларга айдоочу болуп жатышат. Бардык кыйынчылыкты ынтымак менен жеңебиз деген катардагы 25 жаштагы ыктыярчы Аэлита Эмирова күнүмдүк иш күнү тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

- Саламатсызбы, Аэлита. Ыктыярчы болууңузга эмне түрткү болду?

- Ооруган эл көп болуп, кыйналып турган айылдын тургундарын карап жөн отура албадык. Биздин Военно-Антоновка айылынын тургундары Бишкекке чейин барып ийне алып, медицина кызматкерлердин жетишпей жатканын көрүп, жаштар чогулуп жардам кылууну чечтик.

- Бир күндүк иш күнүңүздү айта кетсеңиз, сутка ичинде эмне менен алек болосуз?

- Негизи менин медициналык билимим жок, ошого байланыштуу уюштуруу иштерин, медиктерге түшкү тамак жана каражат маселесин карайм. Эртең менен таң аткандан кеч киргенге чейин стационарда болом. Күнүмдүк керектелүүчү нерселерди толуктап, "кызыл зонада" иш алып барам. Өзүм болсо 25 жаштамын.

- Акыркы күнү стационарларда киши азайып калды дешүүдө, сиздерде абал кандай болуп жатат?

- Биздин стационарга бир эле биздин айылдын тургундары эмес, коңшу айылдын да жашоочулары келишет. Буга чейин күнүнө 60-70 кишиге чейин келишчү. Акыркы күндөрү кадимкидей эки-үч эсеге азайып калды. Биздин кубанычта чек жок. Маанайыбыз көтөрүлүп, сүйүнүчтөн иште бийлеп дагы жибердик.

- Жумуштагы сиз туш болгон кыйынчылыктар тууралуу айта кетсеңиз.

- Кыйынчылыктар болот, бирок мен ойлойм ар бир жумуштун эле кыйынчылыгы болот деп, ошол сыноолорду жеңе билүү керек. Бейтаптар айыгып, ооругандар азайып жатканын көргөндө кыйынчылыктар унутулуп калат экен.

- Сиздердин команда ким тарабынан, кандайча түзүлгөн?

- Алгач Военно-Антоновка айылындагы коомдук ишке активдүү катышкан жаштар сунуш киргизген эле, мен кубануу менен кабыл алып катарга кошулдум. Ошол жаштардын демилгеси, айыл өкмөттүн колдоосу менен айылдагы спорт сарайды стационар кылып убактылуу ачып, ишибизди баштаганбыз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып биздин демилгени колдогондорго, жардам көрсөткөн инсандарга ыраазычылык билдирем. Ал эми элге ден соолук, тынчтык, ачык асман каалайт элем.

- Маегиңиз үчүн рахмат! Бүгүнкү күндүн баатырларынын катарында иш алып барып жатканыңызга ыраазычылык билдиребиз.

"Стационарда бейтаптар эки эсеге азайды" сүйүнгөнүбүздөн бийлеп жибердик ыктыярчы Аэлита
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mintip-menu-suybo
2020-07-23 23:34:04
Азаматтар...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан