"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан сутка ичинде 6 миңден ашык адам каза болду

Бүгүн, 16-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 54 миллион 326 миң 211 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 34 миллион 908 миң 450 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 316 миң 502 (+6069) адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 11 миллион 32 миң 95 болду. 246 миң 206 адам каза болсо, 4 миллион 174 миң 884 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 814 миң 579 адамдан аныкталды. 129 миң 635 адам каза болсо, 8 миллион 205 миң 728 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 863 миң 93 адам вируска кабылган. 165 миң 798 бейтап көз жумса, 5 миллион 279 миң 452 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан