Түркиядагы Айя-София мечитинин эшиги 24 саат бою ачык болот

Түркиядагы музейден мечитке айланган Айя-София мечити эми 24 саат бою ачык болот. Мындай чечимге Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кол койгондугун жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Анда 24-июлдан тарта мечиттин эшиги намаз окуу үчүн 24 саат бою ачык болору айтылат.

Белгилей кетсек, 10-июлда президент Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдагы атактуу Айя-София музейин мечитке айландыруу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал эми кечээ, 24-июлда 86 жылдан кийин алгачкы ирет жума намазы окулуп, ага өлкө башчысы катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан