Караколдогу кулайын деп калган рентген-кабинет социалдык тармакта талкууга жем таштады

Каракол шаарындагы кулайын деп калган рентген-кабинет социалдык тармакта талкууга жем таштады. Сүрөттү жарыялаган интернет колдонуучу аталган кабинет кургак учук илдетин дарылоочу диспансерде жайгашканын жазып, учурда бул жакта кезекте тургандар көп экенин кошумалаган. "Мамлекеттин саламаттыкты сактоо тармагына жасаган мамилеси ушул" деп жазган интернет колдонуучу.

Жогорудагы билдирүүнү улай бири "Бул облустун борборунда экен, райондук ооруканалардагы абалды элестетүү да коркунучтуу. Бизге душман да керек эмес, өзүбүз ушул абалга дейре жеткирдик" десе, дагы бири "Мен дал ушундай эле көрүнүштү 2017-жылы Жалал-Абаддан көргөм. Баш багып киргим да келбей, менчик лабораторияга барууну туура көргөм" деп билдирүү калтырган. "Эмнесине таң каласыңар? Аймактардын баарында эле ушундай. Дарыгерлер, жабдыктар жок. Советтик доордон калгандар турат. Бул ачуу чындык" деген үчүнчүсү.

Буга чейин интернетке дарыгерлердин "Тез жардам" унаасын түртүп бара жаткан видеосу тарап кеткен. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова комментарий берип жатып ыйлап жиберген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bars88
2020-07-12 20:35:46
Кулайын десе дагы азыр авторитет.Элдин баары рентгенге тушуп атышабы 20 кундон кийин очеред тийет имишго тушо тургандар жазылып коюшуптур
0
Nur777
2020-07-13 01:27:14
Облустун Губернатору сокурбу?! Акылбек Осмоналиев,козунузду чооон ачып карап коюнуз!!!Тез арада чечиниз маселени,кылган жумуштарынызды териштиребиз,будем следить за вашими действиями,я вам это обещаю!
-1
Nur777
2020-07-13 10:06:21
Nur777,СМИнин баарын которобуз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан