"Өзгөндөгү ооруканада рентгенге түшүү үчүн жарым күн күттүк" дейт окурман. Бейтапкананын жетекчисинин жообу

Социалдык тармактын колдонуучусу Өзгөн районундагы аймактык ооруканадагы абал тууралуу жазды. Анда "Апам эртең менен барып, 98инчи болуп рентгенге өпкөсүн тарттырып чыкты. Ооруган адам жарым күн кезек күтүп отуруу деген эмне? Ооруканаларда орун жок экен. Бул Өзгөн районунун азыркы абалы" деп айтылган.

Ал эми аталган райондогу аймактык оорукананын жетекчиси Сатар Жусупов жогоруда айтылгандар туура эмес дейт.

"Бүгүнкү күндө оорукананын 3 бөлүмү бейтаптарды кабыл алып жатат, анда жалпы 115 орун бар. Күнүгө ар бир бөлүмдөн 3-4 бейтап айыгып чыгууда. Бир суткада 10дон ашуун орун бошойт. Ал эми рентген аппараты боюнча айтсам, оорукананын короосунда 3 жерде рентген аппараты иштеп жатат", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AidaKurman
2020-07-28 14:58:25
Азыр коп жерде эле абал ушундай. Темадан сырткары мен да озумдун оюмду айтсам. Мумкун болсо жооп алып берсениздер. Азыркы маршруттук каттамдарга жооп берчуу Адам барбы?Ош облусунун Кара Суу районундагы маршруткалар бут орундуктар толмоюнча ордунан жылышпайт,жана жолдон кол которгон кишиге токтоп чыгара беришет. Элдер базарга продукты алуу учун айла жок барабыз. Анан дагы бир суроо Эл ташыган маршруттар кандай ылдамдык менен айдаш керек.? Толтура кишини салып алып жон эле учушат. Алдын ала рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан