Премьер-министр Кубатбек Боронов ыкчам штабдын жыйынында аймактардагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөн чыгарбай, катуу тескөө керектигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга персоналдуу түрдө жооп берет. Күндүзгү стационарларга кайрылгандардын динамикасы төмөндөп баратат деп, бошоңдоп калбастан, жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн буга чейин белгиленген иштерди жүргүзүүнү улантуу керек. Өзгөчө илдеттин кесепетинен каза болгон учурлардын алдын алуу боюнча жумуштарды күчөтүңүздөр", - деди премьер-министр.
Жыйында эксперттер жана адистерден турган топ тарабынан иштелип жаткан дарылоонун жаңы протоколу тууралуу маалымат берилип, Өкмөт башчы коронавируска каршы ийгиликтүү күрөшө алган өлкөлөрдүн дагы тажрыйбасын эске алуу керектигин айтты.
Ошондой эле Кубатбек Боронов мамлекеттик сатып алуулар аркылуу ооруканаларга керектүү жабдууларды алып келүү иштерин күчөтүүнү милдеттендирди.
"Өлкөнүн ар бир облусуна компьютердик томография, рентген аппаратын сатып алуу боюнча иштерди катуу көзөмөлгө алуу шарт. Ошондой эле COVID-19 инфекциясын жугузуп алган жарандар дарыланып жаткан ооруканаларда кышкысын аба айланып туруш үчүн рециркуляторлор орнотулууга тийиш", - деди премьер-министр.
Жыйындын соңунда премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эпидемиологиялык кырдаалдын кийинки баскычына жана илдеттин болжолдонуп жаткан экинчи толкунуна терең талдоо жүргүзүүнү тапшырды.