Бүгүн, 8-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 49 миллион 759 миң 719 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 32 миллион 728 миң 464 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 249 миң 515 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө акыркы бир суткада 100 миңден ашуун адамдан илдет аныкталып, ооругандардын жалпы саны 9 миллион 851 миң 717 болду. 237 миң 19 адам каза болсо, 3 миллион 851 миң 465 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 462 миң 80 адамдан аныкталды. 125 миң 562 адам каза болсо, 7 миллион 819 миң 886 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 653 миң 561 адам вируска кабылган. 162 миң 269 бейтап көз жумса, 5 миллион 138 миң 641 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.