Муз үстүндө бийлөө боюнча Канаданын Квебек провинциясында боло турган Дүйнө чемпиондугу коронавирус чуусунан улам токтотулду. Бул тууралуу аталган провинциянын Саламаттыкты сактоо министри Даниэль Маккенн маалымат жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Бул чемпиондук 16-22-март күндөрү Квебек провинциясындагы Монреаль шаарында өтмөк. Турнирге 30 өлкөдөн 183 спортчу катышары пландалган.
Акыркы маалыматтар боюнча, Канадада 117 киши коронавирус жуктурган жана андан бир адам каза болгон. Квебек провинциясында болсо 7 адам аталган ооруну жуктуруп алышкан.