Учурда бүтүндөй дүйнөдө анын баасы асман чапчып турат. Жасалма дем алдыруу аппараты жөнүндө эмнелерди билесиз?

Көпчүлүккө белгилүү болгондой эле COVID-19 вирусу адамдардын өпкөсүн жабыркатат. Аталган вирусту жуктуруп алган адамдардын абалы тез аранын ичинде оорлошуп кеткен учурлар көп катталат. Бул учурда бейтаптын жанын сактап калуу үчүн жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырууга туура келет.

Бейтапты өз учурунда бул аппаратка туташтыруу анын өмүрүн сактап калууга көп мүмкүнчүлүк берет. Анткени адам дем албай калган учурда ички органдарга кислород жетпей, андан соң жүрөк сокпой адам бир нече мүнөттүн ичинде көз жумат.

Жасалма дем алдыруу аппараттары кандай иштейт?

Аппарат кислород менен жабдылган абаны өпкөгө киргизип, ал жактагы суюктукту чыгарып турат. Айтканга оңой көрүнгөнү менен бул өтө оор процесс. Азыркы тапта аппараттар көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ. Алар бейтаптын абалына жараша оңдолуп-түзөлүп турат.

Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан адам өзүн кандай сезет?

Жасалма дем алдыруунун 2 түрү бар. Биринчисинде адамдын бетине бет кап тагылат, ал бет кап аркылуу адам дем алып, аппарат аркылуу өпкөгө дем жетет. Бул учурда адамдын табигый дем алуу функциялары сакталып калат.

Ал эми экинчи түрүндө бейтапка интубация жасалат - анда адамдын трахеясына оозу же мурду аркылуу атайын түтүкчө өткөрүлөт. Айрым учурда хирургиялык операция жасалат. Ал трахнотомия деп аталып, анда хирург адамдын тамагын түтүкчө киргизүү үчүн бир аз кесет. Ал эми түтүкчө аппаратка кошулат.

Жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган адам сүйлөй албайт, тамак жей албайт жана суюктук иче албайт. Мындан улам бейтапты түтүкчө аркылуу тамактандырышат. Жасалма дем алдыруу аппаратына кошууда көп учурда адамдарды анестезия аркылуу жасалма комага түшүрүшөт.

Жасалма дем алдыруучу аппаратардын орточо баалары 1 миң доллардан тартып 17 миң долларга чейин жетет.

Чет элдик маалымат каражаттарында жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган бейтаптар уктаган бойдон турбай калып жатышат деген маалыматтар жарыяланган. Айрым маалыматтарда дарыгерлер анестезиянын көлөмүн туура эмес сайгандыгынан улам бейтаптар комага түшкөн бойдон ойгонбой калууда деп жазылса, айрымдарында бейтаптар ыңгайсыздык жараткан аппараттын түтүкчөлөрүн жаны кыйналып жаткан маалды сууруп салып каза болуп жатат деген маалыматтар жазылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
algakaray
2020-04-04 22:50:58
Кыудай сактасын. Кыйын эле экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан