Дубайдагы аэропортто коронавирусту аныктоо үчүн иттер колдонула баштады

Дубай бийлиги аэропорттогу жүргүнчүлөрдөн коронавирусту аныктоо үчүн кинологдордун иттерин колдоно баштады. Бул тууралуу "Travel and Leisure" басылмасына таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, изилдөөнүн жүрүшүндө иттердин тактыгы 92 пайызды түзгөн.

Дубай аэропорту коронавирус менен күрөшүүдө мындай ыкманы биринчилерден болуп колдонуп баштады. Иттер адамдар менен байланышпай туруп, дистанциялык түрдө иш алып барышат.

Дубайда туристтер үчүн чек ара июль айында ачылган. Туристтерден саякатка чейин 96 саат калганда алынган COVID-19 тестинин терс натыйжасын алышы керек.

Иттердин жыт сезүүсү адамдарга салыштырмалуу бир нече эсе курч келет. Ошондуктан аны бомба жана баңгизат таабууда колдонушат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан