Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков пневмония илдетине чалдыкты. Бул тууралуу депутаттын секретариатынан бүгүн, 5-июлда билдиришти.
Маалым болгондой, Бактыбек Турусбековго эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган.
"Учурда депутаттын абалы туруктуу. Ал жубайы экөө тиешелүү медициналык дарыланууну үйүнөн алып жатышат", - деп айтылат билдирүүдө.