Нарын районунда айылдарды аралап азык-түлүк сатуу уюштурулду

Нарын районунда коронавирус эпидемиясынын жайылуусуна жол бербөө максатында көчмө дүкөндөр уюштурулуп, айыл кыдырып керектүү азык-түлүктөрдү сатууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Нарын районунда көчмө дүкөндөр уюштурулуп, айылдардын элин азык-түлүк жана тиричилик товарлары менен камсыздоодо. Бул аракет элдин каттамын азайтып, коронавирустун жугуу жолдоруна бөгөт коюу максатын көздөйт", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 12-апрелге карата Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын саны 13кө жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан