Бүгүн, 15-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин телефон аркылуу сүйлөштү. Анда кыргыз-казак кызматташтыгы, ошондой эле коронавируска байланыштуу жагдай талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Өкмөт башчылар Казакстан Республикасында жарыяланган өзгөчө кырдаалдар абалындагы шартта кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташуунун улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Тараптар мындан ары да эки өлкө элинин кызыкчылыгы үчүн маалыматтарды ыкчам алмашууну ишке ашырууга макулдашты.
Кечээ, 14-мартта эки премьер телефон аркылуу сүйлөшүп, анда Кыргыз-Казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланган.