Мадагаскардагы абактан качууга аракет кылган 20 эркинен ажыратылган адам полиция менен болгон кагылышууда каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Юстиция министрлиги берген маалыматка таянуу менен дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя 23-августта Фарафангана шаарындагы абакта орун алган. Түшкө маал абактагылар 2 топко бөлүнүп, кароолчуларга кол салышкан. Ага 88 адам катышкан, анын 37син полиция кызматкерлери кармоого үлгүрбөй калышкан. Ал эми 20 адам полиция менен болгон кагылышууда каза болгон. Ошондой эле дагы 8 адам ооруканага жеткирилген. Ал эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери качып кеткендерди кармоо ишин улантышууда.
23 миң калкы бар Фарафангана шаары аралдын түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан.