Чемпиондор Лигасынын финалынан кийин Париж шаарында баш аламандык жаралды

Бүгүн, 24-август күнү түндө өткөн Чемпиондор Лигасынын финалдык оюнунан кийин Париж шаарында "ПСЖ" футболдук клубунун күйөрмандары тарабынан баш аламандык орун алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "ПСЖ" командасынын жеңилип калганына нааразы болгон күйөрмандар имараттарды талкалап, унааларды өрттөп, полиция кызматкерлери менен кагылышкан. Мындан улам 148 адам камакка алынган жана 400дөн ашуун адамга бет кап режимин сактабагандыгы үчүн айып салынды.

Чемпиондор Лигасынын финалында "ПСЖ" клубу германиялык "Бавария" клубуна 1:0 эсебинде жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
muku.85
2020-08-24 14:28:06
фанаттар кээде ашыкча болуп кетишет эми кимге пайда кимге зыян исландиянын фанаттарынан улгу алыш керек утулуп калса да колдоп отурушат
+2
din_tomas
2020-08-24 15:11:51
Ана сага биз суктанган Европанын маданияты))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан