Түркия Кара деңизде 320 миллиард куб метр жаратылыш газын өндүрөрүн билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган айтканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Бул чоң маштабдагы тарыхый окуя болду. Биз өлкө тарыхында Кара деңизде жаратылыш газынын чоң көлөмүн таптык. Анын көлөмү 320 миллиард куб метр", - деген Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Анын сөзүнө караганда, деңизден табылган жаратылыш газын 2023-жылы Түркия элине берүү пландалып жатат.
Түркиялык "Фатих" бургоолочу кемеси Кара деңизден "Туна-1" кудугунда бургулоо менен газ корун тапты. "Фатих" бургоолочу кемеси изилдөө иштерин июнь айынын аягында баштаган.