Сауд Арабияда колукту келечектеги жолдошунан коронавируска карата тест тапшырууну талап кылган

Сауд Арабияда жаш колукту үйлөнүү тоюнун алдында келечектеги жолдошунан коронавируска карата тапшырган тестинин жыйынтыгын көрсөтүүнү талап кылган. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылган.

Колукту мындай кадамын анын жакын тууганы COVID-19 илдетинен улам көз жумгандыгы менен түшүндүргөн.

"Анын жолдошу тесттин жыйынтыгын көрсөткөнү же көрсөтпөгөнү тууралуу маалымат жок. Бирок акырында жубайлар баары бир баш кошушкан. Сауд Арабияда жаштардын үйлөнүү тоюнун алдында медициналык кароодон өтүүсү салттуу көрүнүш. Акыркы кезде өлкөдө болуп өткөн кырдаалдан улам кээ бир дарыгерлер бул тизмеге коронавируска карата анализ тапшырууну дагы кошуш керектигин айтып келишет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан