Кытайдын Гонконг шаарында Covid-19 илдетин кайрадан жуктуруп алган бейтап катталды. Бул тууралуу кытай басылмаларында жазылган.
Анда 33 жаштагы эркек киши коронавирус менен апрель айында эле ооруп айыкканы айтылат. Ал эми август айынын башында ал Испаниядан келип, анализ тапшырганда, андан коронавирус аныкталган. Гонконг университетинин окумуштууларынын изилдөөлөрүнө ылайык, бейтапта аныкталган вирустун белгилери Covid-19 инфекциясынан кыйла айырмаланганы маалымдалат.