Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын учурда комада экени айтылды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын учурда комада. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Түштүк кореялык дипломат Чанг Сон Мин Ким Чен Ын комада экенин, ал эми карындашы анын ордун алууга даярданып жатканын билдирген.

Анын айтымына караганда, Корея Элдик Демократиялык Республикасы Ким Чен Ындын саламаттыгы тууралуу маалыматты жашырып жатат.

"Менимче, ал азыр комада" деген Чанг Сон Мин.

Буга чейин Ким Чен Ын карындашы Ким Ё Чжонду республиканын жетекчилигиндеги экинчи адам кылып дайындаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
muku.85
2020-08-25 11:48:45
Байкуш президентти быйыл канча жолу комага тушурушту
+6
Imon7
2020-08-25 11:56:32
Демократия чапанын жамынган митаамдар эмнелерди гана ойлоп тапбайт
+2
Adi010891
2020-08-25 21:05:41
Буга чейин бир жолу каза болгон деп айтып чыкса керек эле жанылбасам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан