Өзбекстандын Наманган облусунда бир канча киши Фейсбук жана Телеграм социалдык тармактары аркылуу "диний жихадга үндөгөн" деп айыпталууда. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, алар милиция менен атайын кызматтын биргелешкен операциясында колго түшкөн.
Топтун 55 жаштагы башчысы Абу Салах Садык "Самарканди" өңдүү экстремист лидерлердин ишмердигин жайылткан. Катарына уулун, жээнин жана классташтарын кошуп алган деп шектелүүдө.
"Мындан тышкары ал Сириядагы террордук топко катыштыгы бар кишилер менен интернет аркылуу байланышта болгон. Орусиядагы тааныштары жана экстремисттик топтор менен катыштыгы бар достору аркылуу Сирияга төрт жолу акча жөнөткөн", - деп айтылат маалыматта.