Орусиянын Саратов шаарынын 56 жаштагы тургуну 10 жаштагы кызын шаардагы сейил бактардын биринде жылаңачтап алып сүрөткө тартып жатканы үчүн кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаран кызынын жыныс мүчөлөрүн сүрөткө тартып жаткан. Кармалган атага "күч колдонуу менен сексуалдык кордук көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Мындан сырткары 10 жаштагы кыз менен психологдор сүйлөшкөн учурда ал атасынын иш-аракеттери тууралуу жаңы жагдайларды билдирип жаткандыгы жазылган.