Казакстанда бир суткада 173 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 98 адам вирустун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 75 ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр. Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 105 миң 75ке жетти. Бир суткада аталган өлкөдө 585 адам илдеттен сакайып чыккан. Муну менен оорудан айыгып чыккандардын саны 93 миң 990го жетти.